www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Путин пандемияга каршы биримдикте болуп, коронавирус каяктан пайда болгону тууралуу бири –бирине мусор төгүшпөй, күчтөрдү бириктирип коронавирус менен күрөшүүгө чакырды. Орусия 2020 –жылдын 1-июлунда Конституцияга өзгөртүү кийирет. Эгер коронавирус күчөп турса каяктан элди чогултат эле?

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрадан карантин кийирүүгө каршы, ал Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөп: "Кайрадан карантин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес. Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талаптарды сактабай жүрүүсү күчөдү", - деп билдирди өз сөзүндө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө карантин чараларын кайра киргизүү боюнча планды иштеп чыгууну тапшырды. Токаев видео жыйында вирустун жайылып жатканына байланыштуу облус жетекчилерин, мамлекеттик мекемелердин башчыларын жана министрлерди сындады. Ошондой эле Казакстанда март айында киргизилген чектөөлөргө окшош чаралар зарыл экенин ишара кылды.

Президент Дональд Трамп коронавирус үчүн Кытайды күнөөлөп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости