www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июнга карата өлкөдө коронавирустан 7 бейтап каза болгону маалымдалган. Анын ичинен 70 жана 46 жаштагы эки аял Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Каза болгондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна болгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.

Анын айтмында,  30-июнь күнү 70 жаш курагында ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-дарыгери Тазабекова Жамал Исмаиловна каза болду. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

“Тазабекова Жамал Исмаиловна 1949-жылы 16-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2 баланы энеси, жогорку медициналык билимдин ээси.

1982-жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунда эмгектенип келген", - деди маалымат катчы.

Азыркы учурда маркумдун сөөгүн санитардык эрежелерди сактоо менен жерге берүү иши уюштурулганын кошумчалашты мекемеден.

Ош ОИИБинин өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости