www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд шаарында эки баштуу наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Самарканд облустук көп тармактуу медициналык борбордун башкы дарыгери Дилшод Рахмонов билдиргенин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда наристе жандандыруу бөлүмүндө.

"Дүйнөдө бул дарт өтө сейрек кездешет. Мындай дарт менен төрөлгөн балдар 30-50 жашка чейин жашашат. Азыр ымыркайдын абалы жаман эмес. Аны дарылоо чаралары жүрүп жатат. Учурда тамактануусу жана кан айлануусу нормалдуу. Азыр ага кычкылтек жетишпейт. Биз ымыркайды аман алып калуу үчүн бардык чараларды көрөбүз", - деген Рахмонов.

Анын айтымында ымыркай операция жолу менен (кесарево сечение) төрөлгөн жана апасы дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости