www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 29-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Араван Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №5- Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшери, 1978-ж.т. КР жараны Абдулкасымова Гульнарахон Абдурасиловна аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча Г.Абдулкасымова соцтармактар аркылуу Эрке-Кашка айылынын Тепе-Коргон айыл аймагында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган адам менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлу, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости