www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-мартта Жалал Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков NazarNews маалымат агенттигине аталган аймактардагы акыркы кырдаал тууралуу билдирди.

"2020-жылдын 30-мартынан 31-мартка караган түнү областын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймакта баары болуп – 14/12 кылмыш окуялар катталган, оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес.

Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 151 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 9, ал эми  Сузак районунда жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш-чаралшардын натыйжасында коменданттык сааттын эрежесин бузган атуулдар болгон жок.  

Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 64 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган. 

Ошондой эле, “өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйругум менен   күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан КРнын ИИМдин Жол кайгуул күзөт кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде - 30 жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн).

Бүгүңкү күндө укук коргоо органдары жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы да тиешелүү жумуштарды алып барууда. Айрыкча элдин арасында жалган такталбаган маалыматтарды соц.тармактарда таратып жиберип, элди дүрбөлөңгө салгандардын үстүнөн жумуштар жүргүзүлүп, бул багытта УКМК тарабынан – 12 факты, ал эми соодагерлер арасында элге керектүү болуп жаткан азык-түлүктүн бааларын негизсиз кымбаттатып, учурдан пайдаланууну көздөгөн атуулдардын үстүнөн – 2 факты аныкталып, Бузуулар Кодексинин  (218-берене. Бааларды негизсиз жогорулатуу) негизинде чаралар көрүлгөн.

Ал эми милиция тарабынан жалпы – 11 жалган маалымат тараткан фактылар аныкталып (сутка ичинде – 1 катталган Аксы району), учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгы менен сөзсүз жоопкерчиликке тартылат", - деп Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Эске сала кетсек, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндөгү Жарлыгына ылайык Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча коменданты болуп, КР ИИМ кызматынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости