www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 270 адам коронавирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер.

Коронавирусту жуктуруп алган 32 медициналык кызматкердин 15и Ош шаарындагы “Кардио Азия” ооруканасында, калган 17си Жалал-Абад облустук ооруканасында, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Ала-Бука районундагы жана Ноокат районундагы ооруканада дарыланып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү Саламатыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын абалы канаттандырарлык. Дарыгерлердин көзөмөлүндө, симптоматикалык терапия менен дарыланып жатышат.

Белгилей кетсек, буга чейин 19 дарыгер таажывирусун жуктуруп алганы белгилүү болгон, эми аларга дагы 13 кызматкер кошулуп, өлкө боюнча алардын жалпы саны 32ге жеткен.

– Бишкек шаары – 4,

– Ош облусунда – 20,

– Жалал-Абад облусунда – 7,

-Баткен облусунда – 1.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости