www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет булактарында Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавирус жугуштуу илдетине чалдыкапагандыктан, дарылануудан баш тартып жаткандыгын жана үй-бүлө мүчөлөрү медициналык каражаттарды ичкендигинин натыйжасында ден-соолуктары начарлап жаткандыгы жөнүндөгү видеокайрылуусу жарыяланган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма бөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 2-апрель күнү Нарын ШИИБсине Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирүү менен кайрылып, 2019-жылдын ноябрь айында Пакистан мамлекетине дааватка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен Кыргыз Республикасына кайтып келген Нарын шаарынын тургуну О.М. аттуу жарандан коронавирус жугуштуу илдети аныкталгандыктан, ага карата коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы боюнча мыйзам  чегинде чара көрүү жөнүндө кайрылган. Анткени, О.М. менен байланышта болду деген себеп менен дарылынып жаткан Нарын шаарынын 3 тургунунда 2020-жылдын 30-мартында коронавирус оорусунун белгилери аныкталган.

Жогорудагы билдирүүдө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-беренесинде (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери бар экендигине байланыштуу 2020-жылдын 3-апрелинде Нарын ШИИБси тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып, О.М.атту жаран изоляцияда болгондугуна байланыштуу аны менен түздөн түз тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлө тургандыгын билдиребиз. Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости