www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто милиция коронавирус жуктурууга шектелсе да жашырып жүргөн жарандарды күчкө салып алып келип жатат. Бул тууралуу Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, кээ бир адамдар "менде оорунун симптомдору жок" деп обсервацияга жатуудан баш тартууда. 

“Келгиле, ушунча болду, бул жагынан да бир муштум болуп жапа тырмак күрөшөлү. Айрыкча вирус жуккандар менен байланышта болгондор керек болсо өз демилгеңер менен көрүнүп кеткиле. Кечээ бир райондо “биз таза элебиз, ден соолугубуз жакшы" деп өзүнө-өзү анализ чыгаргандарды, ачык эле айтайын, колун кайрып алып келдик. Анткени аларды жөн койсо “жакшымын” деп жүрө берип башкаларга жугузат”,-деди Нурдинов.

Ошону мене катар, ал жарандар карантин эрежелерин толугу менен сактапүйдөн чыкпай турса, вирус жуктургандар менен байланышта болгондор обсервацияга алынып, оорунун жайылышына бөгөт коюларын эскертти.

Эске салсак, бүгүнкү күндө COVID-19 жуктургандардын саны Ош шаарында 33 жана облусунда 97 адамга жетти. Алардын арасында каза болгондор да, айыгып чыккандар да бар. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча 270 адам илдетке чалдыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости