www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктургандар менен бир учакта келген 135 жаран табылып, карантинге жаткырылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, Сауд Аравиядан коронавирус жуктурган жарандар менен чогуу бир учакта келген 135 жарандын баары табылып, карантинге жаткырылган.

Муну менен катар  соңку учурда 1000ге жакын кыргызстандык Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгенин белгиледи. Учурда алардын 300гө жакыны табылып, карантинге алынды.

Эске сала кетсек, бүгүн, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Коронавируска кабылгандардын баары эркектер кишилер, алардын жаш курагы ар түрдүү. Илдет боюнча  тесттен өтүү жана дарылануу бекер. Коронавирустан жабыркагандар менен бир учакта учуп келген 135 кишинин 90 кишиси табылып карантинге алынса, 45 кишиге издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости