www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус оорусу үч адамдан аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Төмөнкү сүрөттөрдөгү врачтар Сузак районундагы тургундардан коронавирусту аныкташканы айтылды.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен. Илдет аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдалды. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

“Сауд Арабиядан учуп келген учактан Жалал-Абаддык 51 келгенден кийин кошуна, тууган-туушкандары менен учурашып, миңден ашуун адамдар менен байланышкан. Илдет тууралуу жалган маалымат уюштурган жарандарга жоопкерчилик каралды”-деп Жалал-Абадда өткөн жыйында айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости