www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда бир кыргызстандык жаран карантинге алында. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча координатор Мирбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, ал коронавирус оорусу чыккан кыргызстандыктар менен кошо чогуу учуп келген.

“Ал коронавирус оорусу чыккандар менен контактка баргандыктан, ал карантинге алынды. Андан коронавирусту аныктоо үчүн анализ алынды. Азырынча жыйынтык чыга элек”,-дейт.

Башка рейс менен келген калган ажылар үй байкоосуна алынган. Аталган региондон жалпы кичи ажылыктан 16 адам келген.

Ошондой эле, Ош облусунда дагы  кичи ажылыктан келген 55 адам катталды. Бул тууралуу брифингде өкмөттүн региондогу ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, бардык ажылардан кайрадан анализ алынат.

“Үч Бишкекте изолятордо. Бардык массалык иш-чаралар токтотулуп, ресторан, кафе, кинотеатр, клуб, галерея, театрлар да жабылды. Биз жарандардан буга түшүнүү менен карап, өздүк гигиенаны сактоону суранабыз”,-дейт Узарбек Жылкыбаев.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы бүгүн түнү Бишкектен чыкты. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен. Илдет аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдалды. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынды.

“Сауд Арабиядан учуп келген учактан Жалал-Абаддык 51 келгенден кийин кошуна, тууган-туушкандары менен учурашып, миңден ашуун адамдар менен байланышкан. Илдет тууралуу жалган маалымат уюштурган жарандарга жоопкерчилик каралды”-деп Жалал-Абадда өткөн жыйында айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости