www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаны жардам катары жөнөттү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Жапониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита менен жолугуп, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал талкуулап, Такажи Вакита кыргыз элчисине коронавирус (COVID-19) боюнча Жапониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу толук маалымат берген.

Мындан тышкары, Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаны жардам катары берген. Ал каражаттар Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Эске сала кетсек, 18-мартта Кыргызстандын аймагында коронавирустун биринчи учуру катталды. Анда 13-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости