www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын Монца шаарында мед айымдан коронавирус аныкталгандан кийин өзүнүн жанын кыйып салган. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 34-жаштагы медайым Даниэла Трецци интенсивдүү терапия бөлүмүндө иштечү, бирок, андан коронавирустун белгилери чыгып баштаганда 10-марттан баштап карантинге алынган. Анализ чыгып, вирус аныкталгандан кийин өзүнүн жанын кыйып салган. Ал башкаларды жугузуп алуудан кооптонгон.

Италиянын Улуттук медайымдар федерациясы анын өлүмүн тастыктап, ал корконучтуу экенин билдиришти. Алар Трецци вирусту жайылтып алдым деп коркуп жатып, катуу стресске кабылганын баса белгилешти.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 500 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталып, 21 миң адам көз жумду жана 114 миңден ашуун адам айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости