www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бул этапта он миң тонна ун чыгарылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн бардык аймактарындагы үй-бүлөлөргө унду жеткирүү иши Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлдү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо жана жарандардын өмүрү менен ден соолугун сактоо чараларын ишке ашыруу боюнча аракеттер менен катар эле, Өкмөт калктын аярлуу катмарындагылардын эч кимисин көңүл буруусуз жана камкордуксуз калтырбоо максатында аларды колдоо үчүн бардык резервди мобилизациялайт.
Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан медицина кызматкерлерине жана муктаждарга жардам берүу боюнча демилгелери үчүн бизнес-коомчулукка, муну менен катар ыктыярчы уюмдарга ыраазычылык билдирди.
«Ушул күндөрү кыйынчылыктарды жеңүү үчүн өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезүүбүз жана күчүбүздү бириктиришибиз керек. Мен четте карап турбай, көмөк көрсөтүү аракетин көргөндөргө ыраазычылык билдирем жана мамлекет жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Булак: NazarNews.kg