www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Сенаты менен Конгреси талкуулардан кийин коронавируска каршы күрөшүү үчүн 2 триллион доллар бөлүү боюнча жарлыкка кол койду.

Бул каражат америкадагы жумушчуларды колдоого жана бизнести калыбына келтирүүгө жумшалат.

Эске сала кетсек, 22-марттагы маалыматта "Ак үй Конгресстеги эки партиянын өкүлдөрүн чукулунан акча бөлүүгө үндөп жатат. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, жылына 99 миң доллардан азыраак акча тапкан америкалык салык төлөөчүгө бир жолу 1200 доллардан жардам берилиши мүмкүн. Ошондой эле коронавирустан улам кирешеси азайган авиакомпанияларга жана башка өндүрүштүк ишканаларга финансылык колдоо көрсөтүлөт, - деп жарыялаган.

Соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны боюнча АКШ Кытай менен Италиядан кийинки үчүнчү мамлекетке айланды.

Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШда илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1041ге жетип, 32 миң адам вирусту жуктурган.

Белгилей кетсек, 24 саат ичинде дүйнө жүзүндө коронавирусту 500 миң адам жуктуруп, 21 миң адам көз жумду жана 114 миң адам оорудан айыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости