www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн кыска убакыт аралыгында оорукана курулат. Ооруканалар Ташкентте, Андижанда, Навоиде жана Сурхандарьяда курулаары жөнүндө өзбек басылмалары жазып чыгышууда.

Учурда Ташкенттин өзүндө 3 атайын медициналык жайдын курулуш иштери башталды. Бул ооруканалар май айында ишке берилиши болжолдонууда.

Ал эми карантиндик жайды куруу үчүн 55 гектар жер бөлүнүп берилди. Мындан сырткары дагы 27 гектар жерде 10 000 койкага ылайыкташкан курулушу жүрүп жаткандыгы жөнүндө Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Азыркы тапта Өзбекстанда килдет менен 65 адам ооруп жатса, Казакстанда алардын саны 100дү, Кыргызстанда 44тү түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости