www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-апрель Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
«2020-жылдын 4-апрелинде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнатынын өткөрүлүшүнө байланыштуу Сизге жана жалпы Кытай элине чын дилимден көңүл айтууга жана ооругандардын тезинен айыгып чыгышына каалоо айтууга уруксат этиңиз.
Кыргыз тарап жеке Сиздин жана Кытай Өкмөтүнүн пандемиянын жайылышын алдын алуу үчүн көргөн аракеттериңиздерди жана ошондой эле кытай элинин көрсөткөн кайратмандыгын жогору баалайт.
Жакын арада Кытай бул ооруну толугу менен жеңип чыгып, өзүнүн экономикалык өнүгүп-өсүү жолун жаңы дем менен улантарына терең ишенем.
Биздин өлкөлөр ортосунда достук, ынтымак жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү толук өз ара түшүнүшүү бар экенине дагы бир жолу ишендирип кетким келет», — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусунда.
Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинге жана кытай элине учурдагы кыйын күндөрдө колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Булак: NazarNews.kg