www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-апрелде Кытайда COVID-19 коронавирус инфекциясынан каза болгондордун элесине арналган улуттук аза күтүү зыйнаты өткөрүлөт. 

Белгилей кетсек, Кытай бийлиги 4-апрелди коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. 

Маалыматка караганда, өлкөдө мамлекеттик туулар түшүрүлүп, үч мүнөттүк аза күтүү болот. Ошондой эле  автоунаалардан, поезддерден, кемелерден жана абадан коргонуу техникаларынан сигналдар чыгарылып, өлгөндөрдүн элеси эскерилет.

Буга чейин Кытайда коронавирус дартынан 3 326 көз жумган болсо, 76 571 киши оорудан айыгып, илдетти 81 639 бейтап жуктурду.

Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандар 1 миллиондон ашты. Бул эпидемиядан 52 миң адам каза болуп, 210 миңден ашык адам айыкты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости