www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 2 829 медицина кызматкери оору жуктуруп алган. Анын 1 853ү сакайып кетсе, ал эми 73 медик каза болгону буга чейин айтылган. Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медиктердин төртөө гана убадалаган 200 миң сом компенсациясын алды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын башчысы Муктарбек Баймурзаев билдирди.

Анын айтымында, ооруга чалдыккан 40 медицина кызматкери компенсация сурап арыз жазган. Алардын документтерин карап чыгып, бүгүнкү күндө төртөөнө гана берилген. Калганы документтери такталбаганы үчүн кайра артка кайтарылган. Ал эми коронавирустан каза болгон эки медиктин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөнгөн. Мындан тышкары, комиссия дагы башка учурларды карап жатканы айтылат.  Белгилей кетсек, 3-августка карата өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп жүргөн 2 829 медицина кызматкеринин оору жуктуруп алганы айтылган. Анын ичинен 1853ү айыгып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости