www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги эркин журналист, ыктыярчы Семетей Талас уулу менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Семетей мырза, ыктыярчылардын сап башында жүрөсүз. Акыркы күндөрү айрым ооруканалар, дарыгерлер ыктыярчылардын жардамынан баш тарта баштаптыр деген маалымат тарады. Дарыгерлердин жардамдан баш тартышына эмне себеп болушу мүмкүн?

-Менин оюмча, Россиядан Түркиядан келген медициналык формалар, дарылар, аппараттар баардык ооруканаларга бөлүнүп, жетиштүү болуп калды окшойт. Ошон үчүн ыктыярчылардыкын албай эле койгула деп жатышса керек.

-Бирок, айрымдар ыктыярчылардын жардамы менен абалдан чыгып алып, эми алардын жардамынын кереги жок деп баш тарткан  мамиледей кабыл алышып жатат го?

-Ал жагы да бар. Эл ыктыярчыларды кубаттап кеткенине кызганычтык болуп жатабы деген да маселе бар. Мүмкүн чындап эле Россиядан эки миллион долларга келген дары-дармектер, медициналык аппараттар жетиштүү болуп калгандыр. Бирок, жетиштүү экен дейин десең Ысык-Көлдөгү дарынын, кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен бир үй бүлөдөн беш киши каза болгон абал кездешип жатат. Жардам ченебей келгени менен кайда, канча бөлүнгөнү белгисиз болуп, көзөмөл жок, баш аламан болуп жатат. Бири ыктыярчылардын жардамынан баш тартып жатса, илдет күчөгөн тарапта дары-дармектин жетишсиздиги байкалып эле жатат. Министрлик көлгө мынча дары, мынча аппарат кетти деп коюшу мүмкүн. Бирок, жетпегенин кантип текшеребиз? Берген жардамдар зарыл болгондорго толук жетип жатабы же жарым жолдон башка жакка кеттиби дедирип, күмөн санатпай эле Саламаттыкты сактоо министрлиги сайт ачып, бул жакка мынча, тигил жакка түкүнчө дары –дармек, дем алдыруучу аппарат кетти деп элди кабардар кылып койсо жакшы болмок. Бул ооруканага мынча берилди деп сайтка жайгаштырып койгондо медиктер өздөрү эле сайтта мынча деп жазылып турат. Чынында ооруканада мынча эле аппарат турат деп анонимдүү билдирип турушмак. 

-Элден, башка мамлекеттен келген жардамдар өз дарегине толук жетпей жатат деген күмөн санооңуз барбы?

-Күмөн саноо күч. Анткени, өлүм көп болуп, дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатканда Казакстанга оор жүк ташуучу унаа менен кычкылтек концентраторлорун алып чыгып бараткан үч учур катталды. Ошон үчүн коррупцияга малынган бөлүм башчы, башкы врачтар мамлекет берген аппараттарды ооруканага каттап, башкасын сатып жибериши мүмкүн деген күмөн саноо жаралып жатат. Анткени, алапайыбызда таппай жаткан учурда элдин өлүмүнө араачы бололу деп ар кимибиз тапканыбызды эсеп-чоту жок эле медиктерге алып барып бере бердик. Андай жардамдар азыр да келип жатат. Элден айланса болот. Колунда бары колунда жогуна каралашып, абалды кичине болсо да эпке келтирдик. Бирок, айрым ак халатчандардын өлүмдөн акча тапкан абалы санаага салып жатат. Негизи өлүмдөн акча тапкан жагдайлар буга чейин деле бар болчу. Айтайын дегеним, мамлекеттин эсебинен гемодиализ апараттары берилсе, аны кампаларга катып  коюп, гемодиализ алууга аргасыз болгон жарандарды мед мафиянын менчик клиникаларына жөнөтүп, гемодиализ алдырган учурлары арбын эле болчу. Медиктердин баарын жаман дей албайм бирок, алардын арасындагы коррупцияга аралашкан  кумалактар бардык медиктерге сөз тийгизип жатышканы чындык.

Улуттук коопсуздук кызматы ким бийликти сындаса эле кармап кечирим сурата бербей  коррупцияга батып бүткөн, Гиппоктраттын анты урган эпидемияда дагы көнгөн адатын карматып жиберген медмафияны да текшерсе болмок. Анткени, акча алып көнүп калгандар эл жапырт илдетке кабылып, абал оор болуп турган мезгилде дагы бош орундар болсо да, кайрылгандарды орун жок деп кетирип, тааныштарына орундарды камдап турушкан учурлары болгонун медиктердин ичинен деле айтып чыгышты го. Ал турсун министрдин орун басарын деле укпай бар орунду жок деген учурлары да болду. Ошон үчүн мындай учурда күмөн саноону жок кылып, ачык-айкын иштеш үчүн сайт керек экен деп жатам. Себеби, сайт болсо, бөлүнгөн аппараттардан тышкары бул оорукана толуп калды. Тигил ооруканада мынча орун бар деп жазып турушса, илдетке кабылгандар ар кайсы оорукананын эшигин сүзбөй орун бар ооруканаларга барышмак. Мына ушундай иреттүү иштин жогунан илдетке кабылгандар ченебей азап тартышты.  

Булак:NazarNews,kg

 

Последние новости