www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, добуш берүү маалында бир катар коопсуздук чаралары каралган. Ага ылайык, жарандардын баары беткап, мээлей кийип келип, бири-биринин ортосундагы аралыкты сактап, добуш берип жатат. Кире бериште алардын дене табы да текшерилүүдө.
Таңкы саат алтыда өлкө боюнча 14 миңдей шайлоо бекети ачылган. Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышууда. Бирок негизги таймаш президент Мун Чже Ин башында турган Демократиялык партия менен оппозициядагы «Келечек үчүн биригүү» партиясынын ортосунда болот деген божомол айтылган.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирусту 10 600дөй адам жугузуп алган. Алардын 225и каза тапты.
Булак: NazarNews.kg