www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 30-мартта биринчи каатчылыкка каршы программа иштелип чыкканын белгилеп: “Азыркы тапта жыл аягына чейинки экинчи программаны иштеп чыгуу маселеси каралып жатат. Анда экономиканы калыбына келтирүү сунуштары камтылган”, – деп кошумчалады.

Ал эми депутат Алмазбек Токторов жазгы айдап-себүү иштерине керетүү айыл чарба техникаларынын блок-посттордон эркин кирип-чыгуусун камсыздоо зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле депутат Өмүрбек Бакиров жазгы үшүктөн улам жемиш өсүмдүктөрү зыянга учураганын билдирип, жабыр тарткан дыйкандарга колдоо көрсөтүү учур талабы экенин айтты.

Андан тышкары, депутат Калдарбек Баймуратов да элдик күнүмдүк турмушу токтобошу керектигин кошумчалап: “Малчылар жайлоого көчөт, көпчүлүк үйлөрүндө курулуш иштерин жүргүзөт. Андыктан, тиешелүү базарларды жана жолдорду ачуу маселесин Өкмөт карашы керек”, - деди. Муну менен катар эл өкүлү чет өлкөдө окуп жаткан студенттердин тизмесин тактап, алардан кабар алып туруу зарылчыгына да токтолду.

Ошондой эле ЖК депуты Рыскелди Момбеков, “Урматтуу жана урматсыз кесиптештер! Ушул Өкмөттүн айынын 19 врач жабыркады, вирус, вирустун артынан минус бар”, деп өкмөттүн ишин сынга алды. 

Кызыгы ушул депутаттар кызык эле, Өкмөттү өздөрү шайлап, өздөрү нараазы. Өткөн күндөрүн унутушуп калабы же өтө эле “унутчаакпы”?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости