www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Омбудсмен Токон Мамытов бүгүн, 15-апрелдеги онлайн-жыйынында патрулдук кызматкерлер менен чырдашкан кыз тууралуу пикирин айтты.
Белгилей кетсек, милициянын патрулдук кызматкерлери кыз менен болгон чырды видеого тартышып, ал интернет желелерине тарап кеткен. Ал эми кыз 15 күнгө камалган.
Токон Мамытов кыздын жоругун актабай тургандыгын, бирок милициянын кызматкерлери тасманы таратышкандыгы туура эмес экендигин айтты. “Бул аларга урмат алып келбейт. Ал кыз жалгыз, алар болсо төртөө. Кыз эмне үчүн мындай реакция жасап жаткандыгына психологиялык иштер жүргүзүлүшү керек болчу. Бирок андай кылуунун ордуна видеону жарыялап жиберишти”,-дейт акыйкатчы.
Ал омбудсмен аппаратына адамдарды мажбурлап коом алдында кечирим суратуу боюнча көп сигналдар болуп жатканы менен кечирим сурагандар байланышып, чоо-жайын тактоого келгенде баш тартышаарын билдирди. “Өкмөткө объективдүү маалымат керек, ошондуктан Акыйкатчы институтунун каналдарын колдонуңуз”,-деп чакырды Токон Мамытов.
Мындан сырткары, акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер болсо, 115 кыска номерине кайрылуу керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg