www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түрк парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге 7-апрелде өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат.
Түркиянын эмгек мыйзамына ылайык 30 жаштагы мигрант аял эмгек визасы менен 7 200 иш саатын иштеп толтурганда гана пенсия алууга укуктуу болот.
Түркияда 35 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок 2019-жылы 2669 гана кыргызстандык расмий эмгек визасы менен иштеп, Түркиянын Миграция департаментине каттоого турган.
Булак: NazarNews.kg