www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө” жарлыгын бекитип, тиешелүү токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу учурунда депутат Жылдыз Мусабекова Өкмөттү Ат-Башы райондук ооруканасынын материалдык-техникалык жана кадрдык маселелерине көңүл бурууга чакырып, коронавируска каршы аталган мекеме сапаттуу медициналык жардам көрсөтө албай тургандыгын жүйө келтирди.

“Оорукананын абалы канаттандырарлык гана. Андан тышкары, дарыгерлер да жетишсиз, иштегендегендердин көпчүлүгү 60 жаштан жогоркулар. Ал эми илдетке каршы күрөшүү үчүн аталган ооруканага рентген-аппараты, тез жардам унаасы жана башка медициналык каражаттар керек”, – деди Жылдыз Мусабекова.

Ошондой эле эл өкүлү Өкмөттү 1984-жылы курулган Ат-Башы районундагы ооруларды алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун абалына көңүл бурууга үндөдү.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости