www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Медицина-биологиялык федералдык агенттигинин COVID-19 инфекциясына каршы чыгарып жаткан вакцинасы биринчи фазадан өттү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы аталган агенттиктин жетекчиси Вероника Скворцовага таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, дарыны бардык сыноолордон өткөрүү иштери июнь айына чейин созулат. Ал эми колдонууга чыгаруу үчүн 11 ай убакыт талап кылынат.

"Биздин кийинки кадамыбыз вакцинаны иштеп чыгууга жумшалат. Учурда биз анын биринчи фазасын жасап бүттүк", - деди Скворцова.

Акыркы мааламаттарга таянсак, дүйнө жүзүндө COVID-19 инфекциясына 252 миң адам кабылып, анын 100 миңден ашууну айыкты. Илдеттен каза болгондордун жалпы саны - 15 миңден ашты. Ал эми вирус 200 өлкөгө жайылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости