www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктургандардын жана карантинде жаткан адамдардын уюлдук аппараттары, аудио, видеоаппараттары, банктык картасы жана башка маалымат ташуучу каражаттары убактылуу конфискацияланат. Бул тууралуу өзбек басылмалары Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин сөзүнө таянып жазып чыгышты.
Азыркы тапта Өзбекстанда 46 адамдан коронавирус аныкталган. Андан сырткары 12 миң 731 адам 14 күндүк карантинде жатат. Алардын 7 415и ооруканада жана 5 315и үй карантинине чыгарылган.
23-марттан тарта аталган өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилди. Мамлекеттеги мындай абалга карабай өзбек жарандары тойлорду токтотушпай жаткандыгы айтылууда.
Эске салсак, Казакстанда аты жаман илдет менен катталгандардын саны 66га жетсе, Кыргыз өлкөсүндө 16ны түздү.
Булак: NazarNews.kg