www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекке санитардык посттор аркылуу гана кирип-чыгууга болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын кире беришинде келгендердин саламаттыгы текшерилет, келишинин-кетишинин максаттары тууралуу маалымат алынат. Ал жерлерде медицина, ӨКМ жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышат.
Санитардык посттордун даректери:
— Фучик менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;
— Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;
— Тоголок Молдо менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;
— Курманжан Датка менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;
— Жибек-Жолу менен Лермонтов көчөсүнүн кесилиши;
— Салиева менен Ауэзов көчөсүнүн кесилиши;
— Ауэзов менен Анкара көчөсүнүн кесилиши;
— 7-апрель көчөсү (панорамага кайрылышта);
— Кожобергенов менен Жеңишке 50 жыл (Семетей көчөсүнөн жогору);
— Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;
— Муромская менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;
— Кожобергенов менен Семетей көчөсүнүн кесилиши.
Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүнбөгөн учур болсо 625813, 0555839379 номерине кайрылууга же шаардык штабдын WhatsApp номерине – 0705 025 010 – жазууга болот.
Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун түз байланыш номери аркылуу тиешелүү кеңеш алууга болот: 0555 920241.
Булак: NazarNews.kg