www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус Кыргызстанга киргенде тоскоолдук кылбаганы үчүн Саламаттыкты сактоо министринен кеткен Космосбек Чолпонбаев  кылмыштуулугу болсо да партияга жабышып, депутаттыкка талапкердигин койгон. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев финполиция тарабынан кармалды. Ал шалаакылык жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча шектелүүдө.Буга чейин Каржы полициясы аталган фактылар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгогон.Бирок ал депутаттыка талапкер боло калып кылмыштан качып жүргөн. Министрликтин жетекчилери кызматтык абалынан пайдаланышып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүп, анын кесепетинен мамлекетке 9 млн сомго жакын зыян келген. 15-сентябрда Жазык кодексинин 320-беренесине шектелип мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости