www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-сентябрдын кечинде  Бишкекте милициянын атайын даярдыктан өткөн өзгөчө бөлүгү “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшулган кылмыштуу тобунун 6 мүчөсүн кармады. 

Кармоо операциясы учурунда УКТнын кармалган 6 мүчөсү Бишкектин Ленин районуна караштуу Шота Руставели көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болушкан.

Кармалгандар “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун карамагындагы спортсмендер болгон. Алардан бир нече тапанча, автомат жана башка куралдар табылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости