www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Торугарт” көзөмөл-өткөрмө жайы кайрадан иштей баштады

7 айдан бери жабык турган “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө жайы кайрадан иштей баштады. Пандемияга байланыштуу, чек арадан товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү февраль айынын башында убактылуу токтотулган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген чек арадагы кыймыл кандайча тартип менен жүрүп жатат, чек арачылар менен айдоочуларга коюлган талаптар кандай?


Жыл жаңыргандан кийин бир ай өтүп жабылган Торугарт өткөрмө жайы кайрадан ишин жандантты. Эми айдоочулар мурдагы жай турмуш учурундагыдай жүк ташуучу унаасын айдап өтө албаса дагы, "Торугат" көзөмөл-өткөрүү жайынан жүктөрдү гана өткөрүп турууга жол ачылды. Мындай жагдай жарым жылдан ашык ишсиз калган айдоочуларга да жакшы болду.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, биринчи этапта жүктөн башка эч нерсе өтпөйт. Ошондо да жүк ташып барган айдоочулар автоунаасынан түшпөй туруп, белгиленген жерге унаасын киргизип, экинчи тарап жүктөрдү түшүрүп , өз тарабында турган автоунаага жүктөп кетет. Мунун баары карантиндик-санитардык нормалардын так аткарылышына кепилдик берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости