www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын  Ухань шаарында коронавирустан айыккан адам каза болду. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Ухан шаарынын 36 жаштагы Ли Лян аттуу жергиликтүү тургуну 12-февралда коронавируска каршы күрөшүү үчүн курулган ооруканага жаткырылган. Бейтап айыгып, 14 күндүк карантинден чыккан. Андан кийин ал атайын борборго дагы эки аптага кошумча карантинге алынган. Бирок, бейтап үйүнө келгенине 2 күн болгондо, өзүн жаман сезип каза болуп калган.

Аталган аймактын саламаттыкты сактоо комиссиясы тарабынан берилген күбөлүктө маркумдун өлүмүнүн себеби коронавирус экени жазылган. Мындан тышкары, мындай фактылар  биринчи жолу эле эмес, буга чейин 200гө жакын катталганын кабарлады.   

Мындан улам, 4-мартта Ухандагы убактылуу иштеп жаткан клиникалардын бири чукул билдирүү жасап, буга чейин коронавирустан айыккандар кайра ооруканага келип түшкөндүгүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости