www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жайылышына башынан байкоо жүргүзүп келе жаткан «South China Morning Post» басылмасы 19-мартта, коронавирустан 9 761 адам көз жумду деп жазып чыкты. 

Учурда дүйнөдө жалпысынан 229 328 адам бул ооруга чалдыккан. Акыркы суткада 997 адам оорудан каза болду. Ал эми вирусту жаңыдан жугузуп алгандардын саны 23 100гө жетти.

Италияда акыркы суткада 427 адам оорудан көз жумду, жалпысы 3 404 адам вирустун курмандыгы болду. 41 036 киши ооруну жугузуп алган.

Иранда 18 407 адам ооруйт, 1284 киши өлдү. Испанияда 17147 адам ооруга чалдыккан, 767 киши көз жумду.

Францияда 10 миңден ашуун адам илдетке кабылып, 372 киши көз жумган.

АКШда 10 442 адам ооруп, 150 киши өлдү.

Өлгөндөрдүн саны жүздөн ашкан өлкөлөрдүн катарына Британия да кошулду. Бул мамлекетте 103 киши оорунун курмандыгы болду.

Коронавирус дүйнөдөгү 156 өлкөгө жайылды.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алты кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости