www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта Ош облусунун Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сатоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

Министрдин айтыныда коронавирус оорусу аныкталган адамдар 12-мартта “Манас” аэропортуна учуп келген эмес. Алар Ош аэропортуна учуп келишкен.

Ошондой эле министр кичи ажылыктан келгендерди дүрбөлөң салбоого жана үйүнөн чыкпоого чакырды.

“Эгер вирустун кандайдыр бир белгилери чыкса, дарыгерлерге чалгыла”,-дейт министр.

Эске сала кетсек, 18-мартта Кыргызстандын Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен. Алар ал жакка кичи ажылыкка барып келишкен. Илдет аныкталган үч киши менен кошо Сауд Арабиясынан учуп келген 45 жүргүнчү изделип жатканын маалымдалган. Ал учакта жалпы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 киши 18-мартта изоляцияга алынган..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости