www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда биринчи жолу коронавирус инфекциясынан абактагы адам көз жумду. Бул тууралуу кечээ, 28-апрелде Федералдык бюрого шилтеме берип, чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 20-мартта 30 жаштагы Андреа Секл Биэр (Andrea Circle Bear) кош бойлуу кезинде камакта отурган, Түштүк Дакота штатындагы түрмөдөн ден соолугу начар аялдар үчүн Техас федералдык медициналык борборуна которулган. Бир жумадан кийин ал кош бойлуулуктун мүмкүн болгон оорлоп кетишине байланыштуу жергиликтүү ооруканага жеткирилген жана ошол эле күнү чыгарылган.

31-мартта Биэрден SARS-CoV-2 коронавирусунун белгилерин, анын ичинде ысытма жана кургак жөтөлдү көрсөттү. Ал кайрадан жергиликтүү ооруканага текшерүүдөн өткөрүлүп, вентиляторго туташтырылган. Эртеси күнү ал кесарево менен төрөдү. 4-апрелде COVID-19ге тапшырган анализи инфекция жуктурган деп чыгарган.

Биэрдин ден-соолугу начарлап кеткендиктен, анын коронавирус инфекциясы дагы күчөтүлгөн формада болгон. 28-апрелде ал оорудан улам көз жумган. 

Биэр баңги заттарын сактаганы үчүн эки жыл эки айга эркинен ажыратылып, түрмөдө отурган. Жергиликтүү Rapid City Journal маалыматына ылайык, ал COVID-19 инфекциясынан өлгөн биринчи абактагы  аял болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости