www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын дизайнерлер бирлигинин мүчөсү, археолог Гайрат Кузибаев бул тарыхый жайдагы оңдоп-түзөө иштерин вандализмге салыштырды.

– Мавзолей чек арага жакын аймакта жайгашкандыктан, туристтер менен жөнөкөй адамдардын бул жайга жакындоосуна тыюу салынган. Ошондуктан анын үч жыл мурда реставрацияланганын жакында гана билдик, — деди Кузибаев.

Зуль-Кифль мавзолейи Ооганстан менен чектешкен Сурхандарыя облусунда, Амур дарыясындагы «Арал-Пайгамбар» аралында жайгашкан.

Сурхандарыя облустук тарыхый жана маданий баалуулуктар башкармалыгынын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, мавзолейдеги реставрация иштери облус башчысынын буйругу жана каалоосу менен аткарылган.

Өз булактардын маалыматына караганда, реставрация иштери менен атайын адистер эмес, катардагы курулушчулар алектенишкен.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Мавлюда Аскархожаева Сурхандарыя облустук акимчилиги министрликке кабарлабастан, мавзолейди өз алдынча реставрациядан өткөргөнүн билдирди.

– Мавзолей авариялык абалда болгондуктан, облустук акимчилик демөөрчүлөрдүн акчасына оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Бирок бул иштерге министрлик уруксат берген эмес, — деди басма сөз катчы.

Ал өкмөт Зуль-Кифль мавзолейин реставрациядан өткөрүүгө 2011-2012-жылдары 200 миллион сум (20 миң долларга жакын) бөлгөнүн, бул каражатка имараттын ички бөлүгү оңдолгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости