www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы суткада жугуштуу вирустан 863 адам каза тапты. Жалпы дүйнөдө ооруга чалдыккандардын саны 167 511 адамга жетти. Акыркы суткада коронавирусту 13 903 адам жуктурган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.
Ошондой эле, акыркы күнү коронавирус дүйнөнүн төрт өлкөсүндө аныкталды, алардын экөө Африка континентинен, бирөө Европадан, дагы бирөө Америка материгинде жайгашкан. Коронавирус жалпы дүйнө жүзүндөгү 151 өлкөгө тараган.
Вируска чалдыккандардын саны боюнча Европада биринчи орунда 20 миң киши катталган Италия, андан кийин 8 миң учур менен Испания турат. Бул эки өлкөдө каза тапкандардын саны да жогору. Италияда акыркы суткада 349 адам оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Өлкөдө коронавирустан жалпы 2158 адам өлгөн.
Иранда 14 миңден көп кишиде вирус аныкталган. Өлгөндөрдүн саны 724 кишиге жетти.
Ооруну жуктургандардын жана андан көз жумгандардын саны жагынан башка мамлекеттердин көрсөткүчү илдеттин очогу болуп саналган Кытайдын көрсөткүчүнөн тең эсе көп болууда. Кытайда 3218 адам коронавирустан өлгөн, анын ичинен 14ү акыркы суткада көз жумду. Ал эми ооруга чалдыккан 29 жаңы учур катталды. Окумуштуулар Кытайда эпидемия басаңдап баратканын айтышууда.
Булак: NazarNews.kg