www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт айрым зарыл азык-түлүктүн бааларын үч ай тескөөнү чечти. Кыргыз өкмөтү буга күнүмдүк жашоодо зарыл болуп саналган, социалдык маанидеги азык-түлүк менен элди жеткиликтүү камсыз кылуу максатында барып жатат. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 16-мартта кол койду.
Чечимге ылайык, 16-марттан тарта үч ай бою ун, нан, сүт, суу май, каймак май, кумшекер, күрүч, макарон, тоок жумурткасы жана картошканын наркы тескелет. Монополияга каршы күрөшүү агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын максималдуу аныктоо тапшырылды.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиргени боюнча, чечим Конституцияга жана “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзамга ылайык, коронавирус коркунучунан улам дүйнөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун, кумшекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, бааны мыйзамсыз көтөрүп салгандар жазаланарын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости