www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жуккандардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа: «Жаңы бейтап саны 12. Булардан экөөсүнүн алгачкы бейтаптарыбыз менен байланышы болгондор. Европа өлкөлөрүнөн келген 7 кишиде, АКШдан келген 3 кишиде аныкталды. Ушул убакка чейин жалпы жуктургандардын саны 18 киши»,- деп маалыматтандырды.

Дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруп агандардын саны биринчи жолу Кытайдыкынан ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кытайдан тышкаркы жерлерде вирус 87 миңден көп кишиге жукса, ал өлкөнүн бийлиги 80 860 киши тууралуу билдирди.

Оорудан каза тапкандардын саны да Кытайдыкынан ашып, 6 513 киши болду.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эски континентти вирустун очогу деп атаган. Европалык өлкөлөр биринин артынан бири чукул кырдаал жарыялап, чек араларын жабууда, карантин киргизишүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости