www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде КРнын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Айдардын кыркы өткөрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайты жазып чыкты.

Анын айтымында иш-чарага маркумдун эжеси Бермет Акаева катышкан.

Кыркылыкка Бишкекке Бермет менен Саадат Акаевалар келишкен. Айдар Акаевдин жубайы Сайкал Чокубаева да балдары менен да келген.

Ал эми Аскар Акаевич менен Майрам Дуйшеновна келишкен эмес. Анткени, алар 15-мартта, Москвада да бир убакта Айдар Акаевдин кыркын өткөрүштү.

Белгилей кетсек, маркум Айдар Акаевдин арбагына багышталган иш-чарага Өмүрбек Текебаев, Руслан Казакбаев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов, Бахадыр Сулейманов жана башка саясатчылар катышкан.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-февралында Айдар Акаев жүрөгү кармап мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы белгилүү болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости