www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруп агандардын саны биринчи жолу Кытайдыкынан ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кытайдан тышкаркы жерлерде вирус 87 миңден көп кишиге жукса, ал өлкөнүн бийлиги 80 860 киши тууралуу билдирди.

Оорудан каза тапкандардын саны да Кытайдыкынан ашып, 6 513 киши болду.

Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эски континентти вирустун очогу деп атаган. Европалык өлкөлөр биринин артынан бири чукул кырдаал жарыялап, чек араларын жабууда, карантин киргизишүүдө.

Картинки по запросу "карантин"

Вируска чалдыккандардын саны боюнча Европада биринчи орунда 20 миң киши катталган Италия, андан кийин 8 миң учур менен Испания турат. Бул эки өлкөдө каза тапкандардын саны да жогору.

Картинки по запросу "италия испания коронавирус"

Франция эки шаарды, анын ичинде Парижди карантинге алышы ыктымал.

Картинки по запросу "Франция сегодня"

АКШ европалык 26 өлкөдөн учууларга тыюу салган.

Картинки по запросу "америка коронавирус улица"

Кытайда жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен 3213 киши каза тапканы катталды.

Картинки по запросу "америка коронавирус улица"

Ирандын президенти Хасан Рухани, Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында эч бир шаардын карантинге алынбаганын жана соодагерлердин соодасына чектөө коюлбагандыгын жарыялады. Иранда көз жумгандардын саны 724кө жетти, жуктуруп алгандардын саны 12 миңден ашты.

Картинки по запросу "иран коронавирус"

Ирактын борбор шаары Багдадда жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен көчөгө чыгууга тыюу салынды. Өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны 124 деп жарыяланды.

Картинки по запросу "ирак коронавирус"

Орусияда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) дагы алгандардын саны 93кө жетти.

Картинки по запросу "россия коронавирус"

Азербайжандын Министрлер кеңешине караштуу Ковид-19 штабы, Ковид-19га дагы 4 киши кабылганын, жалпы жуктуруп алгандардын саны 16га жеткенин жарыялады.

Картинки по запросу "азербайжан  коронавирус"

Жуктуруп алгандардын саны Молдовада 23, Грузияда 33 деп белгиленди.

Картинки по запросу "молдова коронавирус"

Казакстанда 16-март-15-апрель аралыгында өзгөчө кырдаал жарыяланып, дипломат жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкаркы чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө бүгүндөн тартып тыюу салынды.

Картинки по запросу "казакстан коронавирус"

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, бүгүндөн тарта кирип-чыгуулар үчүн чек ара капкаларынын жабыла турганын, университет, орто мектеп жана бала бакчалардын эс алууга эрте чыга тургандарын маалымдады.

Картинки по запросу "узбекстан коронавирус"

Ливандын премьер-министри Хасан Дияб, жаңы типтеги корнавирустун себебинен өлкөсүндө өзгөчө кырдаал жарыялады.

Картинки по запросу "ливан коронавирус"

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында өлкөдөгү бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү өлкөдө коронавируска кабылган учур жок экенин белгиледи. Ушу тапта эпидемиологиялык абал туруктуу. Ал эми карантинге жалпы 341 адам алынган.
Картинки по запросу "кыргызстан коронавирус в бишкеке"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости