www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык космос станциясы жакынкы айларда коронавирус пандемиясынан коргонуу үчүн коопсуз жай болот деп космонавт Анатолий Иванишин эсептейт. Ал апрель айында Эл аралык космос станциясына “Союз МС-16” транспорту менен барат.

“Космоско учуу дайыма тобокелдик менен байланышкан. Бирок, биз Эл аралык космос станциясы акыркы айларда  Жер жүзүндөгү коопсуз жай болуп саналышы мүмкүн экенин түшүнөбүз”,-дейт Анатолий Иванишин

Анын коллегасы Иван Вагнер Жерде калгандарды дүрбөлөңгө алдырбоого жана нервди сактоого чакырды.

“Союз МС-16” зениттик узак экспедиция экипажы менен Эл аралык космос бекетине  2020-жылдын 9-апрелинде Байконур космодромунан старт алуу пландалган. МКС-63 негизги экипаждын курамында косманавттар Анатолий Иванишин менен Иван Вагнер жана АКШнын астронавты Кристофер Кессиди бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости