www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда обсервацияда жаткан Франциянын жараны инсультка кабылып, ага тийиштүү дарылануу дайындалды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз билдирди.

Ал Улуттук хирургия борборунда изолятордо жаткан. Ден соолугунун абалы боюнча чет өлкөлүк жаранга атайын медициналык чараларды жүргүзүү талап кылынган. Ага МРТ жасалгандан кийин, ТИМдин жардамы менен бул жаран жакындарынын сурануусу боюнча үй карантинине жөнөтүлдү.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44кө жетти. Алардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, 6 жаштагы бир жеткинчек жана 14 жаштагы өспүрүм бар. Ал эми Сузактын 71 жаштагы тургуну жандандыруу бөлүмүндө жатат.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости