www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, Ак үйдүн имаратына сырттан келгендерди киргизбей тургандарын, убактылуу чектөө коюлгандыгын билдирди.

Сырттан келген меймандар, арыз-муңу менен барган карапайым калк, эми мындан ары белгисиз мөөнөткө чейин Жогорку Кеңештин имаратына кире албайт.

Ошондой эле депутаттар дагы сырткы өлкөлөргө баруу иш-чаралары токтоп, муктаждык болгон учурда гана макулдук берилет. Ошентип коронавирустун айынан, эл шайлаган депутаттар элден качып, биротоло Ак үйдүн ичине бекинип алмай болушту. Шылтоо табылбай турганда, ырас эле болду окшойт. Башка мамлекеттер эң алгач элдин камын, коопсуздугун ойлоп жатса, биздикилер өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшуп, Ак үйдүн имаратында бекинип алып иш кылмай болушканы эмнеси?

Учурда коомчулук, Ак үйдөгүлөрдүн бул кылыктарын шакаба жасашып, "коронавируска караганда, Ак үйдөгү вирустар кооптуу" дешүүдө. Көрөлү эми, канчага чейин бекинип отурушаар экен.

Булак: Ачык саясат

Последние новости