www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектиси менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаш бала табылды.  Милиция анын ата-энесин издеп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш бала кечээ, 12-мартта саат 14:30дар чамасында табылган. Табылган бала болжол менен 5-6 жашта.

“Ал жакшы сүйлөй албагандыктан аты-жөнүнүн, ата-энесин, жашаган дарегин айта албай жатат. Милиция кызматкерлери баланы тамактандырып, ата-энесин издеп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости