www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-марттагы аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы пикирин билдирип, тынчтык акциясына чыккан аялдарды провокациянын чордонуна калтырып коюп карап отурушкан милициялардын жетекчилиги жоопкерчиликке тартылышы керек.

Алар кыргыз милициясын гана эмес, жалпы өлкөнү дүйнө жүзүнө уят кылышты. Мамлекеттин, Президенттин эл аралык имиджине көлөкө түшүрүштү. Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орунбасары Эрлан Атантаев менен Свердлов райондук милициясынын башчысы Ашым Тагаев, жүзүн жашырып бет кап кийген, башына ак калпак кийиген провокаторлордун жанында турганы боюнча тасма тарады. Мындан өткөн далил жок. Министрлик креслону, ал болбосо министрдин орунбасарлык кызматын көздөп жүргөн Ашым Тагаев, балким артык кылам деп тыртык кылып салгандыр. Ашыкча жагынам деген максаты аша чаап чегинен чыгып кеткени жалпы коомчулукка ачыкталып калды. Кээде милициядагы көрүнүктүү полковниктердин амбициялары ашыкча болуп, өтө эле чектен чыккан жоруктарга барып такалат. Кашкар Жунушалиевдин башын аттап өтүп, Ак үйдө үлкөндөр менен "камыр-жумур" болгондору да бар.

Булак: Ачык саясат

Последние новости