www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксы районунда мектеп окуучусун классташтары аёосуз сабаганы тартылган видео тасма тараган эле. Тасмада төрт-беш өспүрүм бирөөсүн туш тарабынан ур-токмокко алып жатканын көрүүгө болот. Бул окуя мектептеги ээнбаштык маселесин козгоп, коомчулукта мугалим, ата-эненин жоопкерчилиги тууралуу талкууларга жем таштады. "Ал окуядан бери бир айдан ашуун убакыт өтсө дагы, укук коргоо органдары тиешелүү аракеттерди көргөн жок" деп сындар айтылып жаткан эле. Бул тууралуу Би-Би-Си кыргыз кызматы токмок жеген өспүрүмдүн апасы менен байланышып, чоо-жайын сураган. атын атабоо шарты менен апа болгон окуяны айтып берген.
Апасы: Ошол күнү бир жакка кеттим эле. Келсем балам үйдө жатыптыр. Эмне болдуң десем, "башым эле ооруп жатат" деп эч нерсе айтпай койду. Эртеси күнү абалы дале ошондой. Отун-сууга жардам бер десем ага жараган жок. Мен тумоолоп калды го деп, дары-дармек берип койдум. WhatsApp өчүк эле. Бирдик салсам эле видео келди. Ачканда эле баламдын ыйлай баштаганын көргөндө, өзүмдү жоготуп, көрө албай калдым. Жүрөгүм титиреп, турган жеримден эле дендароо болуп калдым. Дароо мектепке чалдым. Балам кечээ ушундай кордук көрүптүр дедим. Тез келиңиз дешти. Барсам, "кечээ келбейт белең" дейт. Азыр билсем, анан кантип кечээ келмек элем дедим. Балам такыр эле жашырып, айтпай туруп алды. "Эркекпиз" деген бир түшүнүктөрү бар эмеспи.
Би-Би-Си: Баланын атасы кайда?
Апасы: Орусияда иштеп жүрөт. Угуп алып аябай жаман абалда калды. Айлыгын ала албай жатыптыр. Бутум жеткен жерге чейин барам деп ачууланып жүрөт.
Би-Би-Си: Сиз арыз жазып кайра арызыңыздан баш тартып койгон экенсиз...
Апасы: Ортого түшкөндөр болду да. Бүт эле классташтары экен. Бир айылдын балдары дегендей. Алар ортомчу кылып акемдерди ортого салышкан экен. Мен ал балдардын жүрөгүндө так калбасын деп, катуу деле айткан жокмун. Балалык кылышты го дедим.
Би-Би-Си: Акемдерди ортого салды дедиңиз, тагыраак айтып берсеңиз?
Апасы: Алар менин туугандарымды ортого салды. Эми элчилик дешти. Эми аларга кантип баш бербейм?
Би-Би-Си: Азыркы учуруда уулуңуздун ден-соолугу кандай?
Апасы: Кербендеги ооруканага алып бардым. Дарыгерлер баламды карап эч нерсе болбоптур го дешти. Мына деп видеону көрсөттүм. Баламдын абалын азыр орто деп айтам. Мээси чайкалыптыр. Бир жума жатып дарыланды. Дары-дармегин ошол ата-энелер төлөп берди. Негизи ошол окуя болгондо күнү-түнү кыйналып, ал жериме теппегиле бул жериме теппегиле деп жөөлүп, кыйкырып чыкты.
Би-Би-Си: Жергиликтүү жетекчилердин бирине чалганыбызда, "балдар кайра эле достошуп, жакшынакай ойноп жүрүшөт" деп айтып жатпайбы?
Апасы: Жок, андайды мен көргөн жокмун. Менин балам ал балдарга деле кошула койбойт го.
Би-Би-Си: Тергөө иштери кандай жүрүп жатат?
Апасы: Балам ооруканадан чыкканда дароо тосмо арыз жазып бердим. Ошону менен эч кыймыл болгон жок. Бүгүн анан интернетке чыгып кетиптир деп, кайра козголуп башташты. Буга чейин бирөө да ооз да ачып койгон эмес. Керек болсо ошол балдардын арасынан кээ биринин апасы "сен ким элең" дегендей эле карап жүрдү. ..
Би-Би-Си: Балаңыздын жүрүм-турумунда, мүнөзүндө ошол окуядан кийин кандайдыр бир өзгөрүү байкалдыбы?
Апасы: Балам такыр түнт эле. Эми азыр кичине бир нерсе сүйлөп, ачылып, жакшы болуп калды. Бул биринчи видеосу да эч нерсе эмес, экинчи видеосун жүрөгүң түтүп карай да албайсың.
Би-Би-Си: Интернетке тарап кеткен тасмадан башкасы дагы барбы?
Апасы: Ооба, дагы видео бар. Анысы эми үрөй учурат. Ал жерде эми ачыгын айтканда, шымыңды чечип, сени зордуктайбыз дегенге чейин жаман нерселер бар. Бул окуя тууралуу маалыматты мектеп директору, район жетекчилери дагы ырасташты. Жалал-Абад облустук милициясы Би-Би-Сиге "иш токтотулуп калган" деген маалыматты четке кагып, толук тергелип, экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышканын айтты.
Булак: NazarNews.kg