www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин 2036-жылга чейин президенттикке жол ачып алгандай

Путин дүйнөлүк саясатчылардын «лөгү», Горбачев сыяктуу мамлекеттин таш-талканын чыгарып, жок кылбады. Ельцинге окшоп бөтөлкөнү кучактап алып, АКШнын алдына жатып берген жок. Серепчилердин айтымында Орусия тарап жок болуу деңгээлине жеткен. Эгер Борис Ельцин Конституциядан тышкары үчүнчү мөөнөткө президенттикке аттана турган болсо, анда Орусия бөлүнүп жок болмок. Ельцин өзү мамлекет башында турганда жаңылып калганын сезип, мураскерин издегенде өтө кылдаат байкаптыр. Акыры өткөн доордун аягында мураскерин издегенде өтө кылдаат байкап президенттин Иш башкармасындагы  Владимир Путинге басым жасап, ФСБнын жетекчилигине алып келет. Ал эми 1999-жылдын августунда өкмөт башына алып келип, 1999-жылдын 31-декабрында президенттик  милдетин аткаруучу кылып жол ачып берет. 2000-жылы мартта болгон шайлоодо Путин жеңип келет. 2004-жылы экинчи ирет жеңип келет. Ал эми 2008-жылдагы президенттик шайлоодо  Дмитрий Медведев президенттикке шайланып, Владимир Путин өкмөт башына келет. 2012-жылы президенттин мөөнөтү алты жылга узарып Владимир Путин шайлоодо жеңиш менен келет. 2018-жылы экинчи мөөнөткө 2024-жылга чейин кайрадан шайланып келет.

Жакында Мамлекеттик Дума Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, Владимир Путин 2024-жылы өтө турган шайлоодо талапкерлигин коюуга укук алат. «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты Валентина Терешкованын мындай сунушун мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп жаткан маалда жактырган. Бул өзгөртүүгө ылайык, Путин шайлоого катыша алат жана жеңишке жетсе, 2036-жылга чейин президент болот. Бул тууралуу учурдагы президент: «Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек», — деген Путин.

Ортодо Орусияга менен байланыштуу чыр болуп жатат. Сауд Аравиясы ОПЕК өлкө-катышуучуларын коронавирустан улам рынокто нефтиге суроо-талап түшүп кеткенине байланыштуу нефтини өндүрүүнү кыскартуу сунушун киргизди. Орусия ага каршы чыккан. АКШ болсо: “Москванын ОПЕКти (Өлкөлөрдүн нефтини экспортто уюму)  колдоодон баш тартканы сланец нефти чыгарган америкалык компанияларды чөктүрүү болуп саналат”,- деп билдирди. Америкалык сланецтердин өсүшү Орусиянын дүйнөдөгү нефти өндүрүшчү деген наамын жоготконунун себеби айтылды. АКШнын нефти өнөр жайы-назик эбегейсиз көп карыздары бар жана анын негизинде турат. Ошондуктан алар нефти өнөр жайы эң күчтүү Сауд Аравиясынан өндүрүүнү кыскартуу сунушу мүмкүнчүлүк экенин Владимир Путин түшүнгөн. Эгерде нефтини кыскарта турган болсо отун-энергетика өнөр жайынын сланецтерге күнү түшмөк. Орусиянын нефтини өндүрүүнү кыскартуудан баш тартканы- АКШнын сланец өнөр жайына зыян келтирет.

Эске сала кетсек, АКШ башкы душманынын катарына кошо баштаган 67 жаштагы Путин бийликке келгенине 20 жылдын жүзү болду. Айрым сурамжылоолорго караганда Путиндин кайра бийликке келишине кээ бир орусиялыктар каршы экендиги такталган. Орусиядагы оппозиция өкүлдөрү Владимир Путиндин кайра шайланышына жол ачкан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу «МБХ медиа» басылмасы жазып чыккан. «Ачык Орусия» уюму, «Өзгөрүүлөр партиясы» жана «Жарандык коом» кыймылы марттын 21и же 22синде Москванын Сахаров проспектисинде митинг өткөрүү боюнча Москва мэриясына кайрылышты. Алар митингге 50 миң киши катышары тууралуу айтышкан.

Кыргызстанда 50 миң киши митингге чыга турган болсо, опурталдуу болмок, чалкыган Орусия үчүн 50 миң киши эмнени чече алмак эле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости