www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Тышкы күчтөр эмне үчүн Кыргызстанда чыр чыгарганга кызыкдар деп ойлойсуз? Сиз дайыма ушинтип айтып келесиз?

--Сырткы күчтөрдүн иш аракеттерин билиш үчүн, политтехнологдор кандай митайым иш аракеттерге барарын билиш үчүн, адамдын психологиясын үйрөнүш керек. Психология илиминде мындай деп айтылат. «Ийгилик тынчтыкты сүйөт»- тынчтык болгон жерде ийгилик бак-таалай сүйүнүп жашайт. Улам революция болгон жерде өсүш болбойт. Ошон үчүн сырткы күчтөр бул бийликти дагы революция жол менен кетиргенге аракет кылышат, 30 жылдан бери келген президенттерди бизге сырткы күчтөр таңуулап, айла амалдар менен шайлатып келишкен. Байкасаңар бардык президенттер, мурда аты жыты жок, десант сыяктуу жоктон пайда болуп калышат. Сырткы күчтөр эч убакта өздөрү келип бизди басып алып тонобойт. Заман башка. Алар өтө кылдаттык менен болочок президенттерди тандашат. Тандоо критерийлери төмөнкүдөй болот.

1. Акча мансап дегенден жогору турбаш керек.

2. Ал мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаган өзүмчүл болуусу керек.

3. Кыргызга күйбөгөн, патриоттук дух деген түшүнүктөн кур жалак калган киши болуш керек. Анткени кыргыздын келечеги же өзүңдүн жеке кызыкчылыгың дегенде экинчи жолду тандап кеткен киши болуш керек. Алар ошондой кишинин колу менен кыргызды тоногонго уруксаат беришет, бирок бир шарт менен уурдалган акчалар сыртка «Офшорго» кетиш керек (акыркы мисал Турцияга чыгарылган акчалар). Биздин келесоолорду революция болсо эл акчасын тоноп алат ошондуктан бул жакта сактаба деп алдашат. Ошентип беш жыл шайланган президентти макташып, айга-күнгө теңешип,баардык туура эмес иштерине көз жумушуп келишет. Беш жыл тонолгон акчалар «офшордо» чогула берет. Анан эле президенттик мөөнөттүн акыркы жылында Россиянын маалымат булактары ал кишини жамандай башташат. Анан эле революция болуп тиги киши качат. Анан ал кишини ким тосуп алат . Анын «офшордогу» акчасы кимдин банкында болсо ошол киши тосуп алат. Эки мурдагы качкындардын үлгүсүндө «офшордун»ээлери орустар болгон. Анан ал кишиге ультиматум койот. Акчаңды бизге бересиң же биз сени кыргыздарга өткөрүп беребиз дешет. Ага чейин бул жакта ал киши-ге оор кылмыш жаза беренелерин коюп, сырттан соттогонго үлгүрүшөт. Эки президентти тең ошентип тоношкон. Эки президентти тоношкон десек жанылышабыз. Алар ошол ыкмасы менен кыргыз элин тоношкон.

--Атамбаевдин тагдыры кандай болот?

--Атамбаевдин тагдыры ошол Кремлдеги жолугушууда чечилген. Атамбаев Кой- Ташта үйүнөн чыга албай турганда кантип Канттагы авиа база менен Россияга чыгып кетти. Жээнбеков, "бар барагой, Путин менен жолугуп кел" дебеген болуш керек. Мунун баары орустардын сценарийи. Кой Таштагы, штурм Атамбаев Россиядан келээр менен башталды. Анткени орустар биздикилерге уруксаат берди. «Мунуңар сөзгө келбей койду, камагыла" -дегендей.

--Кантип бошотот. Сот болуп, чоң кылмышкердей сүрөттөп жатышса?

--Бошотуш оңой эле. Ал жагын орустар эбак эле тактап ойлонуп коюшкан. Анткени Кой- Ташты орустардын уруксааты менен бүт мыйзамдарды тебелешип жасашкан. Кокус Атамбаев менен тил табыша алса, штурм убагында бүт мыйзамдар бузулган деген шылтоо менен аны актап коюшат. Кыргыздын 29 жыл аралыгында биринчи жолу Атамбаев билип, билбей орустардын планын бузду. Буга чейин схема сонун иштеп келе жаткан. Бизге жагабы же жакпайбы, биз каалайбызбы же каалабайбызбы иши кылып Атамбаевде бир касиет бар. Ошол касиет Атамбаевди колдойт.

Булак: Ачык саясат

Последние новости