www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялым экөөбүздүн никебизге жарака кетип, мамилебиз муздап баштаганда жаркылдаган, жашоонун түйшүгүн ойлобогон, сулуу жаш кызга жолуктум. Жаш сулуу менен мамиле куруп, аялым менен болгон солгун мамилени унуткум келди. Бирок, ал кызды бир жерлерге алып барып, көңүл ачып, ачтырып, акча коротуп, аялым, дос, туугандан жашырынып жүргөндү ойлогондо бул оюман кайра тарттым. Ушунун баары мага керекпи дедим. Баарын салмактап отуруп “а, эмне үчүн аялым менен баарын кайра баштасам болбойт, жатка короткон акчаны өз аялыма коротуп, аны жакшы жерлерге алып барып, белек берип көңүлүн алып, аны кайрадан таанып баштасам мага эмне тоскоол болмок эле” дедим. Анан бул оюмду акырындан ишке ашырып баштаганда, аялымдын күн өткөн сайын жүзү жайнап жадырап, сулуу болуп, мага болгон мамилеси баштагыдай жылуу болуп өзгөрө баштаганын байкадым. Аялыма кайрадан ашык болуп, баягы жаш кыз менен мамиле куруу жөнүндөгү оюм үчүн ичимен уялып “аял – өз күйөөсүнүн күзгүсү” деген сөздүн чындыгын жон терим менен сезип турдум. Аялга кандай мамиле жасасаң, ал ошондой болуп өзгөрөт.
Аял сыры ушунда экен!!!

Интернет булактардан алынды 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости